• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ишкерлер укуктарын коргогондугу үчүн Башкы прокуратурага ыраазычылык билдиришти

Коом 0

Бишкек, 21.08.21. /Кабар/. Мурдагы М.В.Фрунзе атындагы заводдо жайгашкан жеке ишкана жана мекемелердин жетекчилери Башкы прокуратурага мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан негизсиз түрдөгү кайталанма текшерүүлөрдүн жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу кайрылуулары боюнча көзөмөл органы текшерүү жүргүзгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, 2020-2021-жылдар аралыгында мамлекеттик органдар көрсөтүлгөн бизнес өкүлдөрүнө карата 17 жолу кайталанып жүргүзүлгөн текшерүүлөр алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизип, бул компаниялардын өнүгүүсүнө олуттуу тоскоолдуктарды жаратып келген.

Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин мындай текшерүүлөр токтотулуп, Экономика жана финансы министрлигине мыйзам бузууларды четтетүү тууралуу прокурордук чара көрүү актысы киргизилген.

Өз кезегинде, мурдагы М.В.Фрунзе атындагы заводдун өнөр-жай зонасындагы 15 жеке мекеме-ишканалардын жетекчилери, мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан негизсиз текшерүүлөргө тыюу салуу маселесин тез арада чечкендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына ыраазычылык сөздөрүн билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий