• 87
  • 90.41
  • 0.84

5-6-ноябрда Калкты тейлөө борборлору штаттык режимде иштейт

Коом 0

Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. Кыргызстанда бардык Калкты тейлөө борборлору менен райондор аралык бөлүмдөрү 5-6-ноябрда штаттык режимде иштейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мекемелер 08:00ден 18:00гө чейин (12:00дөн 13:00гө чейинки түшкү тыныгуу) жарандарды тейлешет.

Ошондой эле 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөөгө байланыштуу КТБлар менен РАБдар бул күндөрү иштешпейт.

Документтештирүү маселелери боюнча жарандар төмөнкү маалымат каналдары аркылуу кайрылышса болот:

  • Телеграм канал: https://t.me/drndigital;
  • Колл-борбор: 119 (чалуу акысыз);
  • СӨМдүн сайты: digital.gov.kg.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандарды жогорудагы маалыматты эске алуу менен КТБлар менен РАБдарга барууну алдын ала пландоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий