• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

5-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 5-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +13...+18, Талас облусунда +12...+17, Ысык-Көл облусунда +5...+10, Нарын облусунда +4...+9 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +16...+18 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий