• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин Элебесов көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады

Коом 0

Бишкек, 01.11.23. /Кабар/. Бишкектин Элебесов көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Оңдоо иштери асфальт-бетон заводунан айланма жолго чейинки 1300 погондук метр аралыкта жүргүзүлдү.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадасы эски асфальтты сыйрып, жаңысын төшөп, жол бордюрларын орнотуп, таянычтарын жылдырып, жер иштерин жүргүзүп, жол чийиндерин түшүрүштү.



Белгилей кетсек, аталган жолдо 10 жылдан ашык убакыттан бери жолду жакшыртуу иштери жүргүзүлгөн эмес. Борбор Азиядагы эң ири базар орун алган Элебесов көчөсү күн сайын бир жарым миңден ашык унаа тейлеген жолдордун бири.

Өз кезегинде автоунаалар үчүн жүрүүчү бөлүк ачылгандан кийин бригада батыш тараптан тротуарды, чыгыштан ирригациялык системаны уюштуруу боюнча иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий