• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ош шаардык прокуратурасынын ардагери Данакан Исмаилова дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 02.12.20. /Кабар/. 29-ноябрда Ош шаардык прокуратурасынын ардагери, юстициянын 2-класстагы кеңешчиси Данакан Исмаилова 70 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлайт.

Ал 1950-жылдын 19-декабрында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жатан айылында төрөлгөн.

1975-жылы кыргыз прокуратура органдарынын кызматкерлеринин катарына кабыл алынып алгачкы эмгек жолу башталган.

Андан кийин 1992-жылы КР Жогорку Кеңешинин юридикалык бөлүмүндө эмгектенип, өлкөнүн 1993-жылкы жаңы Конституциясын кабыл алуу боюнча жумушчу комиссияны жетектеген.

1996-жылы кайрадан прокуратура органдарында эмгектенип, ар кандай кызматтарды аркалаган. 2007-жылдан тартып Ош шаардык прокуратурасынын ардагерлеринин тизмесин толуктап келген.

Данакан Исмаиловна, ишине бийик жоопкерчилик менен берилген кесипкөйлүктүн үлгүсү катарында кесиптештеринин элесинде кала бермекчи.

Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Прокуратуранын жалпы жамааты маркумдун жакындарынын жана туугандарынын тереӊ кайгыруусун ошондой эле орду толгус жоготуусун тең бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий