• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

УКМК: Транспорт министринин орун басары пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.12.18. /Кабар/. 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Транспорт жана жолдор министринин орун басары "Ж.А" (Азимкан Жусубалиев), кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал акча “Кошмо жол БААЭК 1 жана 2-коридорун, Эпкин-Дыйкан тилкеси (Башкууганды, (89,5 км – 159,2 км)” долбоору боюнча жол курулуш жана калыбына келтирүү жумуштарын аткаруу боюнча тендерди оң жагына чечип берүү үчүн берилген. Министрдин орун басары тендердик комиссияда төрагалык кылгандыктан чет элдик компаниянын таламын талашмак.

Белгилей кетсек, чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо 520 миң долларга бааланган. Ал мурдараак ошол каражаттын 120 миң долларын ортомчулук кылган туугандарынан алган. Акчанын калган бөлүгүн кийин жумаларда алмак болгон.

Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий