• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кара-Сууда 17 жашар баланы тоноого шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 11-февралда Кара-Суу РИИБнин кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 17 жашар баланы тоноого шектүү катары 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-февралынан 8-февралына караган түнү саат 00:00 чамасында Кара-Суу РИИБине аталган райондун 37 жаштагы А.З.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, анын 17 жашар У.уулу Б. аттуу баласын белгисиз жарандар тоноп кеткендигин билдирген. У. уулу Б. Ош облустук ооруканасынын жанынан таксиге отуруп, жолдо бара жаткан учурда унаанын ичинде тѳрт бейтааныш адам күч колдонуу менен коркутуп, анын “Редми 9” үлгүсүндѳгү телефонун тартып алышып, Кара-Суу районунун Мады айылына жетпеген аралыкта унаадан түшүрүп кетишкен.

Арыз, КР Жазык кодексинин 201-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кара-Суу РИИБнин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге кароо жүргүзүү менен ал жердин карта схемасы, тийиштүү фото-таблицаларын түзүшкөн.

11-февралда саат 04:35 чамасында Жазык ишинин алкагында кылмышка шектүү катары КР Жазык кодексинин 98-беренесинин талаптарына ылайык, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн тургундары 22 жаштагы К. уулу Н., 21 жаштагы Б. уулу Р., К. Б., А. уулу М. кармалып, Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жазык ишинин алкагында Ү.С.Ж.га таандык “Мерседес-Бенц 200” үлгүсүндѳгү унаа буюм далил катары табылып, айып короосуна коюлду.

Аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий