• 87
  • 90.41
  • 0.84

60 жумуш орду түзүлөт. Нарын районунда кирпич завод курулууда

Аймак 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. Нарын районунда кирпич заводу курулууда. Курулуш иштери бүтсө 60 жумуш орду түзүлөт.

Райондук администрациядан билдиришкендей, бүгүн, 8-августта аким Нуридин Мадимаров жана "Нарын кирпич заводу" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Садыгул уулу Жолдош тарабынан кирпич завод куруу боюнча эки тараптуу келишим түзүлүп, кол коюлду.

Кирпич заводдун жалпы инвестициялык суммасы 20 млн сом, завод ишке кирсе күнүнө болжол менен 20-25 миңге чейин бышкан кирпич чыгарылат.

Белгиленгендей, завод Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу участокто бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүп жатат. Курулуш иштери сентябрь айында бүткөрүлүп, 60 адам иш орду менен камсыз болот.

Пикир

Оставить комментарий