• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кувейттик компания Кыргызстандын тарыхы жөнүндө документалдуу тасма тартат

Маданият 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. Кувейт менен биргеликте Кыргызстандын тарыхы жөнүндө документалдуу тасма тартылышы мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүктү маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев менен Кувейт мамлекетинин Vidago Art Production (Искусство өнүктүрүү) компаниясынын башкы директору Али Аббас Аль-Наки талкуулады.

Ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 8-августта Бишкекте өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын туристтик жана маданий кызматташтыгын Араб жана Европа мамлекеттери арасында илгерилетүү үчүн Кыргызстандын тарыхы жөнүндө документалдуу тасманы биргелешип тартуу маселесин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу маданий кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстандын Араб мамлекеттеринде таанылышын жогорулатууга көмөк көрсөтүүнү макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий