Бишкекте Өзбекстандын кино күндөрү өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги "Россия" кинотеатрынын чоң залында Өзбекстанжын Кыргызстандагы кино күндөрүнүн расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Ага Кинематография департаментинин директору Акжолтой Бекболотов, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов баштаган атайын делегация, диаспоранын өкүлдөрү, кыргыз кино ишмерлери жана коомчулук катышты.

Акжолтой Бекболотов өз сөзүндө мындай иш-чара кыргыз жергесинде өтүп жаткандыгы чоң сыймык экендигин билдирип, Кыргызстан менен Өзбекстандын кинематографисттеринин маданий байланышы өзүнүн даңазалуу тарыхына ээ жана бүгүнкү күндө да бул саамалык уланып жатканын белгиледи.

Ал эми элчи Мирзахидов мындай саамалыктар кыргыз-өзбек достук мамилелерин чыңдоодо жана кино жаатында кызматташууда өтө чоң роль экендигин билдирп, уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын билдирди.

Андан соң көрүүчүлөргө режиссер М.Эркиновдун "Абдылло Орипов" тасмасы менен көрсөтүлдү.

Бүгүн, 16-май күнү:

  • саат 16:30 "Стойкость" (реж. Р.Маликов)
  • саат 18:10 "Узбечка" (реж. А.Бектурдыев) тасмалары көрсөтүлөт.

Белгиленгендей, кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий