• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өзгөчөлүгү - ага киргизилген илимий түзүм болуп саналат

Маданият 0

Бишкек, 30.01.18 /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында илимпоздорго, изилдөөчүлөргө атайын аянт түзүлөт. Бул тууралу бүгүн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча катчылыгынан билдиришти.

Катчылыктын маалыматына караганда, быйылкы көчмөндөр оюндары, даярдык учурунда жана өткөрүлүп аткандагы боло турган көптөгөн илимий форум, конференция, конгресс, симпозиум, тегерек столдор менен айырмаланат.

Көчмөндөр оюндарынын философиясына, багытына айкалыш илимий программа – ДКО этономаданият, этноспорт жана илим менен билим үчилтиктин негиздөөчү бөлүгү болот.

Илим-билим көчмөндөр элдеринин бай маданиятын, философиясын, идеологиясын, адам цивилизациясынын өсүшүн, жалпы эле көчмөн элдеринин ордун изилдегенге багытталмакчы. Көчмөндөр цивилизациясынын теориясын изилидөө контекстинде “адам цивилизациясын изилдөө”, - деп, ДКО-2018 катчылыгынын пресс кызматынын маалыматында жарыяланган.

Белгилеп кетсек, былтыр сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында ДКО 2018-даярдыгына багытталган “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – тарыхый мурастар жана келечек” деген аталышта биринчи илимий, практикалык конференция өткөрүлгөн. Ага Болгария, Казахстан, Кыргызстан, АКШ, Марокко, Туркия жана Чехия мамлекеттеринен келген 60 илимпоз, изилдөөчүлөр катышышкан. Конференциянын негизги нугу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары-2016 жыйынтыгы тууралу багытталып, анын ичиндеги социалдык мааниси, көчмөн элдеринин тарыхый-маданий балуулугуболду. Мындан тышкарыэтноспорт жана элдик оюндардын аспектиси, салттуу дене тарбияны менен этноспорттун професионалдуу спортчуларды даярдоодогу орду тууралу талкуулар өттү.

Пикир

Оставить комментарий