• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

7-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 05.10.24. /Кабар/. 7-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, "Белинский" суу алгычын жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу 7-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин М.Фрунзе көчөсү, Манас проспектиси, Жибек Жолу проспектиси, Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий