8-12-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 07.12.17./Кабар/. ӨКМнин басма сөз кызматы жакынкы күндөрдө республика аймагында күтүлүп жаткан аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, эртең, 8-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 м/с.

9-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

11-декабрда кээ бир райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт.

12-декабрдажаан-чачын күтүлбөйт.Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Пикир

Оставить комментарий