• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Токио Олимпиадасында медаль тагынган спортчуларды сыйлоо аземи башталды

Коом 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Бишкекте Токио Олимпиадасында медаль тагынган спортчуларды сыйлоо аземи башталды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышууда.

Иш-чара КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында чагылдырылууда.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында күрөш боюнча мелдештин күмүш медалын тагынды. Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль багындырса, ал эми Мээрим Жуманазарова коло байге утту.

Кыргызстандан Токио шаарында өткөн ХХХII жайкы олимпиада оюндарына 16 спортчу барган.

Пикир

Оставить комментарий