• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Катарда жашаган кыргызстандыктар арасында спорт боюнча бир катар мелдештер өттү

Коом 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчилиги кыргыз диаспорасынын активисттери менен биргеликте Катарда жашаган мекендештер арасында кичи футбол, волейбол жана улуттук ордо оюндары боюнча мелдештерди өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын ачылышында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков бардык мекендештерди кылымдарды карытып келе жаткан жаз майрамы - Нооруз майрамы менен куттуктап, бул иш-чара мекендештердин ынтымагын чыңдоонун алкагында дене тарбия жана спортту мекендештерибиздин арасында жайылтуу, элибизге таандык үрп-адатты сактоо жана салттуу оюндарды таанытуу максатында өткөрүлүп жатканын белгиледи.

Майрамдык иш-чаранын жыйынтыгында спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө жана активдүү катышуучуларына элчиликтин атайын кубоктору менен ардак грамоталары тапшырылды.

Мындан тышкары, иш-чаранын бардык катышуучулары үчүн улуттук тамак-аштарды даярдоо менен пикник уюштурулуп, жаш балдар үчүн ар кандай оюн-зоок көңүл ачуулар өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий