Сегиз айда Чүй облусуна 292 млн сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Чүй облусу боюнча 2023-жылдын 8 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер катары 292 млн сом өлчөмүндө акча каражаты каржыланган.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, каражаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:

- теңдөөчү трансферт - 218,8 млн сом;
- ыйгарым укуктарды берүүгө - 33,2 млн сом;
- электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына - 1,2 млн сом;
- жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга - 38,8 млн сом.

Мындар тышкары, Капиталдык салымдар беренеси менен 104 объектке 327,9 млн сом каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий