• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

2027-жылдан тарта Кыргызстан электр энергиясын экспорттоону пландап жатат

Экономика 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. 2027-жылдан тарта Кыргызстан электр энергиясын экспорттоону пландап жатат. Бул тууралуу 11-сентябрда "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Министр үстүбүздөгү жылдын 1-августунан тарта өлкөдө 2026-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө энергетика тармагында өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигин эске салды. Аны менен бирге Ибраев Кыргызстанда энергосистема штаттык режимде иштеп жаткандыгын айтты.

"ӨК режими генерацияны көбөйтүү үчүн киргизилген. Электр энергиясын иштеп чыгаруу жетишсиз болуп жаткандыктан аталган маселени чечүү максатында үч жылдык мөөнөткө өзгөчө кырдаал киргизилди. Ал эми 2027-жылдан тарта биз электр энергиясын экспорттоону пландап жатабыз", - деди Ибраев.

Пикир

Оставить комментарий