Бишкек, 08.02.18. /Кабар/. Эртең, 8-февралда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот,-деп билдирет Кыргызгидромет. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5;
Талас облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5;
Баткен облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -3...+2;
Нарын облусунда түнкүсүн -16...-21, күндүз -6...-11;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14°, күндүз -2…-4°.
Пикир
Оставить комментарий