• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

KOIСA коронавирус менен күрөшүүдө 30 пилоттук айылга техникалык колдоо көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. KOIСA коронавирус менен күрөшүүдө 30 пилоттук айылга техникалык колдоо көрсөттү. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭММА) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-майда ЖӨБЭММАнын директору Бахтияр Салиев жана Кыргызстандагы KOICАнын өкүлчүлүгүнүн башчысы О Донгил жана «Кыргыз республикасындагы менин айылым» долбоорунун лидери Чонг Хонг Су жолугушту.

Жолугушууда Кыргыз Республикасындагы Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (KOICA) «Кыргыз Республикасындагы менин айылым» долбоорунун алкагында 30 пилоттук айылга 750 000 сом өлчөмүндө техникалык жардам берди. Жардам 27 миң даана медициналык беткап жана 1450 даана антисептикалык жеке коргоо каражаттары түрүндө көрсөтүлдү.

«Кыргыз Республикасындагы менин айылым» долбоору ЖӨБЭММА менен Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин ортосунда 2018-жылдын октябрь айынан бери кол коюлган Меморандумдун алкагында ишке ашырылууда.

Долбоорду ишке ашыруу мезгилиндеги гранттык жардам 244 миллион сомду түзөт. Долбоордун максаты - жамааттардын катышуусу менен өнүгүү аркылуу айыл тургундарынын жашоо шартын жакшыртуу, тажрыйбаны андан ары жайылтуу максатында бир катар пилоттук моделдүү айылдарды түзүү.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн 2019-жылы 30 пилоттук айылга баардыгы 51 млн сом которулган, бүгүнкү күндө социалдык объектилерди куруу, айылдык инфраструктураны өнүктүрүү, тургундардын эс алуусун камсыз кылуу ж.б. долбоорлор жүрүп жатат. 2020-жылы пилоттук айылдарда долбоорлор киреше алып келүүчү иш-аракеттерге багытталат.

Пикир

Оставить комментарий