• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Атамбаевдин тарапташтарынын аракеттери укук талаасынан чыгып кетти – саясий талдоочу

Коом 0

Бишкек, 08.08.19 /Кабар/. Мурдагы президент Алмабек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда күч түзүмдөрү менен Атамбаевдин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Бул боюнча саясат талдоочу Игорь Шестаков пикирин билдирди.

"Кечээ күндөн тарта Атамбаевдин тарапташтарынын аракеттери укук талаасынан чыгып кетти десе болот. Окуялар коркунучтуу мүнөзгө ээ болууда. Атамбаев менен анын айланасындагылар өз аракеттеринин жыйынтыгын түшүнүп жаткандыктан мурдагы президенттин тарапташтары президент жана парламентти таркатуу талабын айтышты. Алардын аракеттери түшүнүктүү. Аларды кылмыш жазасы күтүп жатканын билишет", - деди ал.

Эскерте кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операцияны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери жүргүзгөн.

Пикир

Оставить комментарий