• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

4-8-февралда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 03.02.18 /Кабар/. 4-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

5-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

6-февралда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

7-8-февралда айрым жерлерде бир аз кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метден, 7-февралда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий