• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги “Көңүл айтуу китепчесин" ачты

Коом 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинде "Көңүл айтуу китепчеси" ачылды. Бул тууралуу Россиядагы элчиликтен билдирди.

1-2- май күнү КРда Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын курмандыгы болгон мекендештерди эскерүү күндөрү болуп жарыяланды.

Буга байланыштуу КРнын Россия Федерациясындагы элчилигинде мамлекеттик желек түшүрүлдү.

Ошондой эле элчилик РФда катталган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана эл аралык уюмдар үчүн көңүл айтуу китебин ачты.

Учурда КРнын Россия Федерациясындагы элчилигинде жогоруда аталган жаңжал учурунда жапа чеккен Баткен облусунун жашоочуларына колдоо көрсөтүүнү каалагандар үчүн «Баткенге жардам» колдоо штабы түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий