• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Тамчыга Казакстандан туристтердин алгачкы тобу учуп келди

Коом 0

Бишкек, 02.07.19. /Кабар/. Тамчыдагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 2019-жылдын 1-июль күнү алгачкы «Алматы-Тамчы-Алматы» каттамын кабыл алды. Бул тууралуу Жолдор жана транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эл аралык аба каттамын Алматыдан Ысык-көл областына Казакстандык QAZAQ Air авиакомпаниясы ишке ашырууда.

Канадада чыгарылган заманбап Bombardier Q400 NextGEN учагы менен 74 жүргүнчү учуп келди.

Аталган багыт боюнча учак жумасына эки ирет - дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.

Пикир

Оставить комментарий