• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

КР сот тутуму мурдагы ИИМ башчысы Конгантиевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат

Коом 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун судьялары жана аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ардагерлери милициянын отставкадагы генерал-лейтенанты Конгантиев Молдомуса Ташболотовичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышат.

"Конгантиев Молдомуса Ташболотовичтин ички иштер органдарынын ишин жакшыртууга жана кылмыштуулук менен күрөшүүгө, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жеке салымы зор экендиги талашсыз.

Үй-бүлөсүнүн, туугандарынын жана жакындарынын орду толгус кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 63 жаш курагында дүйнө салды.

Пикир

Оставить комментарий