Бишкек, 08.01.25. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы 8-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт.
Ал эми Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында 0…-5, Талас облусунда -1…-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -3…+2, Нарын облусунда -3…-8 градус болот.
Бишкек шаарында абанын температурасы 0…-2 градус болушу күтүлөт.
Пикир
Оставить комментарий