• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

80 метр тереңдикте көмүрдүн газына ууланып бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 21.12.17. /Кабар/. Кызы-Кыя шаарында бир адам көмүр казып жатып, газга ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 20-декабрда болжол менен саат 20:42 чамасында болгон.

Куткаруучулар 80 метр тереңдикте көмүр казып жатып, газга ууланып каза болгон 1979-жылкы С.А. аттуу жарандын сөөгүн кенден алып чыгышкан. Маркумду Кызыл-Кыя шааардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткиришкен.

Пикир

Оставить комментарий