• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 11-майда болжол менен саат 19:48де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында - 3,5 балл, Өзгөн шаарында, Жыланды, Красный Маяк, Калта, Кара-Дөбө, Шералы, Кароол, Бакмал, Мырза-Арык айылдарында - 3 балл, Мырза-Аке, Ак-Жар, Большевик, Куршаб, Ничке-Сай айылдарында - 2,5-3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий