• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

9 айда капиталдык салымдар беренеси боюнча 5,4 млрд сом каржыланды

Экономика 0

Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. 2023-жылдын 9 айына карата капиталдык салымдар беренеси боюнча 5,4 млрд сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылаййык, 2023-жылга капиталдык салымдар беренесинен республикалык бюджеттин такталган планы боюнча 5,6 млрд сом каралган. Акыркы 9 айдын ичинде 1325 социалдык объектиге 5,4 млрд сом каржыланды. Алар:

- Чүй облусуна 104 объектке 327 млн ​​сом;
- Баткен облусу боюнча 1,21 млрд сомго 539 объект;
- Жалал-Абад облусу боюнча 1,06 млрд сомго 189 объект;
- Ысык-Көлгө 977 млн ​​сомдук 116 объект;
- Нарын облусуна 450 млн сомдук 106 объект;
- Ош облусу боюнча 211 объект 1,18 млрд сомго;
- Талас облусуна 221 млн сомго 60 объект каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий