Бишкекте "Жашыл экономика - 2023" аймактык форуму өтөт

Экономика 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. 16-ноябрда Бишкекте “Жашыл экономика - 2023” аймактык форуму өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбаева билдирди.

Анын айтымында, буга байланыштуу аймактык деңгээлде жашыл энергетиканы, туруктуу айыл чарбаны жана туруктуу туризмди, жашыл транспортту жана регионду туруктуу өнүктүрүү өзгөчө актуалдуу болгондуктан потенциалдуу региондук масштабдагы демилгелерди аныктоодо Борбордук Азиянын өкмөттөрү менен жеке сектордун биргелешкен диалогуна муктаждык өсүүдө.

“Ушуну эске алуу менен КР Экономика жана коммерция министрлиги “Жашыл экономика - 2023” аймактык форумун өткөрүү менен аймактык деңгээлде мамлекеттик-жеке диалогду өткөрүүнү демилгелеп жатат. Анда Борбордук Азиядагы аймактык өнүктүрүү маселелерине, атап айтканда жашыл энергетика, жашыл транспорт, туруктуу каржылоо жана туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү сыяктуу артыкчылыктуу багыттарга, ошондой эле “Green Expo – 2023” көргөзмөсүнө көңүл бурулат”, - деди ал.

Усенбаева жогорудагы иш-чара учурдагы чакырыктарды биргелешип жеңүүгө колдоо көрсөтүүгө жана Борбор Азия аймагын туруктуу өнүктүрүү үчүн өз ара пайдалуу кызматташтыкты алдыга жылдырууга багытталганын белгиледи.

“Аянт бардык кызыктар тараптардын ортосунда ишкердик байланыштарды жөнгө салууга, тажрыйба алмашууга жана аларды глобалдык деңгээлде макулдашылган жылдыруу үчүн аймактык масштабдагы потенциалдуу демилгелерди аныктоого көмөктөшөт”, - деп түшүндүрдү ал.

Өз кезегинде JIA бизнес-ассоциациясынын “жашыл экономика” боюнча комитетинин төрагасы Кубанычбек Алимов бул иш-чара бир нече жылдан бери өткөрүлүп, учурда белгилүү жыйынтыктарды берип жатканын эске салды.

"Көбүрөөк камтуу үчүн бул жылы форумга Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Кореядан коноктор катышат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий