• 84.4
  • 93.45
  • 0.89

9 айда Кыргызстандан 26,1 миң тонна сүт азыктары экспорттолду

Экономика 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. 2024-жылдын 9 айында Кыргызстандан 26 миң 101 тонна сүт азыктары экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

  • 1018,8 тонна – сыр;
  • 119,5 тонна – шоро ;
  • 3,3 тонна – курут;
  • 1796,9 тонна – каймак май;
  • 4448 тонна – балмуздак;
  • 7634 тонна – кургак сүт.

Ал эми импорттолгон сүт азыктары – 13 миң 274,4 тоннаны түзгөн, анын ичинде:

  • 1160,6 тонна – сыр;
  • 275,9 тонна – каймак май;
  • 670,8 тонна – йогурт;
  • 1933,7 тонна – балмуздак;
  • 184,2 тонна – каймак;
  • 534,5 тонна – кургак сүт;
  • 196,4 тонна – коюлтулган сүт;
  • 6 тонна – быштак.

Пикир

Оставить комментарий