• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын валюта рыногундагы абал туруктуу — Карабаева

Экономика 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Азыркы учурда Кыргызстанда валюта рыногундагы абал туруктуу. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банкттын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери 24-январга чейин доллардын сомго карата расмий курсу 0,26%га өстү. Бул аралыкта интервенция жүргүзүлгөн жок жана ага зарылчылык болгон эмес.

Карабаева белгилегендей, ал эми 2023-жылы доллардын сомго карата расмий курсу жалпысынан 3,97%га чейин өскөн. "Бул аралыкта Улуттук банк валюта рыногундагы абалдын кескин өзгөрүшүн алдын алуу максатында 14 ирет интервенция жасап, 655 млн доллар саткан", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий