• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстандан Кытайга товар экспорттоону өнүктүрүү меморандумуна кол коюлду

Экономика 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын ата мекендик продукциясын Кытайдын рынокторуна экспорттоону өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматташуу жүнүндө меморандум Экономика министрлигине караштуу Соода өкүлчүлүгү менен "КР агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы", "ЖИА Бизнес ассоциациясы" жана "КР Мөмө өстүрүүчүлөр ассоциациясы" бирикмелеринин ортосунда түзүлдү.

Тараптар Кытайдын рынокторуна ата мекендик продукцияны экспорттоону өнүктүрүүгө жана илгерилетүүгө биргелешип көмөктөшүүнү макулдашты. Атап айтканда:

  • тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзгөн ата мекендик ишкерлерди коргоонун жана колдоонун натыйжалуу механизмин такай камсыз кылуу;
  • бизнес маалыматын алмашуу, анын ичинде эл аралык соода жана экспорттук маалыматтар, аналитикалык серептер жана рыноктук изилдөөлөрдүн натыйжалары;
  • соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан бардык маселелер боюнча өз ара консультацияларды камсыз кылуу;
  • экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүү жана кеңейтүү максатында улуттук жана эл аралык көргөзмөлөрдү, жарманкелерди, симпозиумдарды жана конференцияларды, ошондой эле бизнес-форумдарды, пресс-конференцияларды жана семинарларды ж.б ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүүгө же аларга катышууга көмөк көрсөтүү каралды.

Пикир

Оставить комментарий