• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда жыл башынан бери банкттардын таза кирешеси 16,3 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 24.10.23. /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстандын банк тармагынын таза кирешеси 16 млрд 330,9 млн сомду түздү. Бул тууралуу КР Аманаттарды коргоо агенттиги билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 2023-жылдын 31-августуна карата өлкөдө 23 коммерциялык банк жана 320 коммерциялык банктын филиалы иштеп келген.

Банк секторунун жалпы активдери жыл башынан бери 18,7%га өсүп, 572,5 млрд сомду түздү (2022-жылдын акырына карата – 482,2 млрд сом).

Пикир

Оставить комментарий