• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Казакстан тарап кыргыз жүк ташуучуларына болгон дооматтары боюнча расмий билдирүү жөнөтө элек – Алишеров

Экономика 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Экономика министринин орун басары Элдар Алишеров Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) ички рыноктор, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча коллегиясынын мүчөсү (министр) Гегам Варданян жана жүк ташуучулар менен жолугушту.

"Бүгүн биз ата мекендик жүк ташуучуларды чакырып, кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаалды карап жатабыз. Чек араны жабуу ЕЭК талаптарына каршы келет". - деди Алишеров.

Анын айтымында, талаш-тартыштарды чечүүчү институт бар. Ал жактан арбитрлар чакырылып, бул маселе соттогудай эле каралат.

"Биздин казакстандык кесиптештердин дооматтары тууралуу ММК аркылуу гана угуп жатабыз. Бирок азырынча расмий кат келе элек жана кыргызстандык жүк ташуучуларга болгон дооматтарын билбейбиз. Башкача айтканда Казакстан тарап чек араны жабып, көмүскө экономика менен болгон күрөшүн биздин мойнубузга илип койду. Алар жөн гана чек араны жабып салышты. Ал нерсе ЕЭК талаптарына туура келбейт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий