• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Мамсатып алуулардын учурдагы тутуму бардык катышуучулардын керектөөсүн камсыздай албайт - Календеров

Экономика 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Мамлекеттик сатып алуулардын учурдагы тутуму рыноктун катышуучуларынын бардык керектөөлөрүн камсыздай албайт. Бул тууралуу “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР мыйзамынын коомдук угуусунда КР финансы министринин орун басары Улугбек Календеров билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата КРнын мамлекеттик сатып алуулар тутуму “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзам жана 23 мыйзам алдындагы акты менен жөнгө салынат.

“Мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар тарабынан тутумду жакшыртуу жана мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча туруктуу иштер жүргүзүлүп келет. Бирок, учурдагы мамлекеттик сатып алуулар тутуму сатып алуулардын бардык катышуучуларынын керектөөлөрүн камсыздай албайт”, - деди ал.

Мындан тышкары, жетекчинин орун басары мамлекеттик сатып алуулар системасынын толук кандуу иштеши үчүн шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүү менен системаны масштабдуу реформалоо, анын ичинде ченемдик укуктук базаны жана бүтүндөй маалыматтык-санариптик системаны жана мамлекеттик сатып алуулардын инфраструктурасын өркүндөтүү боюнча иштер башталганын белгиледи.

“Эгер КР министрлер кабинетинин www.gov.kg расмий сайтына жана жайгаштырылган “Мамлекеттик сатып алуулар жөнундө” мыйзамынын жаңы долбоору иштелип чыкса “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жаңы долбоору иштелип чыгып, 2021-жылдын 27-ноябрынан баштап.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында koomtalkuu.gov жайгаштырылды. Жаңы мыйзамдын авторлору ар түрдүү тармактардагы эксперттер, сатып алуучу уюмдардын, жеткирүүчүлөрдүн, жарандык коомдун өкүлдөрү болду”, - деди Календеров.

Ал сөзүнүн аягында мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо “Баары бардыгын көрүп турат” урааны менен жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында 3 коомдук угуу өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий