• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда 10 жаштар борборунун курулушу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда 10 жаштар борборунун курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов билдирди.

Ал билдиргендей, жаштар аталган борборлорго чогулуп, ар кандай иш-чараларды өткөрө алат. Аларды өткөрүү үчүн аларга компьютер, фотоаппарат жана проекторлор берилет.

"Мурда жаштар борбору бир мекеменин имаратында ачылып келген. Негизинен алар алыскы райондордо жана чек ара аймактарына жакын жерлерде болот. Ошондой эле бул долбоордун алкагында ал жерлерге бизнести колдоо максатында гранттар бөлүнүп берилет", - деди Парханов.

Парханов кошумчалагандай, борборлор Исфана, Балыкчы, Кара-Балта, Нариман айыл өкмөтү, Чекабат айылы, Сузак, Базар-Коргон, Кара-Буура жана Кочкор райондорунда курулат.

Пикир

Оставить комментарий