• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Улуттук банктын төрагасынын орун басары эсептик чен кайсыл учурда төмөндөй турганын айтты

Экономика 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш эсептик ченди 14%га чейин көтөрүүнүн себебин түшүндүрдү.

Анын айтымында, каатчылыктын башынан тартып Россиянын улуттук банкы эсептик ченди 20%га чейин, ал эми Казакстан 13,5%га чейин көтөрдү.

“Өзүңүздөр көрүп тургандай өлкөдө инфляциялык процесс жүрүп жатат. Кыргызстанда инфляция 12% деп болжолдонгон, бирок азыр кризистен, доллардын курсунун кескин өсүүсүнөн улам бул көрсөткүч мындан да жогору болушу мүмкүн, муну эскертип койгубуз келет. Ошондой чаралардын бири эсептик ченди көтөрүү болду. Жарандарга аманатты (депозитти) улуттук валютада салууга жагымдуурак болот, анткени алардын пайызы жогорулайт”, - деди ал.

Ошондой эле ал мындай кырдаал түбөлүк уланбай турганын белгиледи. “Биз мындай абалга 2014 жана 2015-жылдары кез келгенбиз, анда эсептик чен 14%га чейин көтөрүлгөн. Кийин макроэкономикалык кырдаал турукташкандан кийин эсептик чен 4%га чейин төмөндөгөн. Бул жолу дагы ошондой болот”, - деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын улуттук банкы 1-марттан баштап эсептик ченди 8,5%дан 10%га чейин, ал эми бүгүн 14%га көтөрдү.

Пикир

Оставить комментарий