• 86.8
  • 91.4
  • 0.83

Кыргызстанда 63 млн долларлык 6 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу күтүлүүдө

Экономика 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда 63 млн долларга 6 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу күтүлүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Инвестиция жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин экспортту өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу координациялык бөлүмүнүн жетекчиси Толкунай Таалайбекова билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда КР Инвестиция жана өнүктүрүү боюнча агенттиги 63 млн долларга 6 инвестициялык долбоордун алкагында иштерди жүргүзүүдө.

"Биз кошумча 1 миң 350 жумуш орду түзүлөт деп күтүп жатабыз. Мындан тышкары, 190 млн сомго 11 долбоорду ишке ашыруу күтүлүп жатат. Ошондой эле Түштүк Корея, АКШ жана Евробиримдиктин өлкөлөрүндө бир нече инвестициялык роуд-шоу өткөрүү пландалууда", - деди ал.

Бөлүм башчы эртең Бишкекте Кыргызстандагы энергия булактарын калыбына келтирүүнү өнүктүрүүгө багытталган энергетикалык форум өтө турганын кошумчалады.

"Май айында ЕАЭБдин алкагында мамлекет башчыларынын катышуусунда форум өткөрүүнү пландап жатабыз. Аталган иш-чараны уюштуруу жагын талкуулоо үчүн жумушчу топтор келди", - деди Таалайбекова.

Пикир

Оставить комментарий