• 87
  • 90.41
  • 0.84

9 айда Кыргызстандын каржы уюмдарынын кирешеси 115 млрд сомдон ашты

Экономика 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. 2024-жылдын 9 айында Кыргызстандын каржы тармагындагы ишканаларынын кирешесинин көлөмү 115 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

2024-жылдын январь-сентябрында экономиканын финансы секторунда 619 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 21 коммерциялык банк, 581 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 16 камсыздандыруу компаниясы иш жүргүздү.

Финансы тармагындагы уюмдардын кардардык базасы бир жылдын ичинде 4 миллиондон ашык көбөйүп, 2024-жылдын сентябрынын аягына карата 15,7 миллионду түздү. Анын көбөйүшү, негизинен, мобилдик банкинг системасына кошулган банк кардарларынын санынын өсүшү, микрофинансылык уюмдар аркылуу онлайн кредит берүү системасынын өнүгүшү, ошондой эле камсыздандыруу секторунда түзүлгөн келишимдердин санынын өсүүсү менен камсыздалды.

2024-жылдын 9 айында экономиканын финансы тармагындагы уюмдардын кирешелеринин суммардык көлөмү 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 26%га (дээрлик 24 млрд сомго) көбөйүп, 115 млрд сомдон ашты, бул негизинен коммерциялык банктарынын кирешелеринин өсүшү менен шартталды.

Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен экономиканын финансы секторундагы ишканалар тарабынан 34 млрд сомдон ашык пайда алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 5%га көп. Коммерциялык банктардын, микрокредиттик уюмдардын, ломбардардын жана камсыздандыруу уюмдарынын пайдасынын көбөйүшү байкалды. Финансы тармагындагы ишканалардын дээрлик 63%ы пайда алышты, ал эми 17%га жакыны чыгым тартты.

2024-жылдын 1-октябрына карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ачык кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 352 млрд сомдон ашты, мында банктык секторго кредиттердин жалпы көлөмүнүн 85%ы туура келди. Кредиттерди берүүнүн негизги багыттары керектөө муктаждыктары (жалпы көлөмдүн 30%га жакыны), соода чөйрөсү (24%ы), айыл чарбасы (15,7%) жана ипотека (10,6%) болду.

Пикир

Оставить комментарий