• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Унаа, турак жай жана жер салыгын төлөөгө үч жума калды

Экономика 0

БИШКЕК, 11.08.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы унаа каражаттарынын, турак жай жана жер үлүштөрүнүн ээлерин салык төлөөгө шашылып, 1-2-сентябрга чейинки убакыттан пайдаланып калууга чакырат.

Ведомстводон белгилешкендей, салыктарды төгүүгө жарандардын дагы 3 жумасы бар.

МСК жарандар өздөрүнө ыңгайлуу төлөө ыкмасын тандай алышат. Салыктарды бардык банктардын кассаларында, байланыш бөлүмдөрүндө, төлөм терминалдарында, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин унаа каражаттарына, 2-сентябрга чейин турак жай, үй, батир жана жер тилкелери үчүн салыктарды төлөөгө болот.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 2000 сом административдик айып каралган. Мындан тышкары, ар бир кечиктирилген күн үчүн туум кетет.

МСК кызматында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк салыгын эсептөө калькулятору жайгашкан.

Кеңири маалыматты 194 телефону же www.sti.gov.kg сайтынан билүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий