• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстандык "Алар Мекени үчүн күрөшкөн" эстелигине зыян келтирген деп шектелүүдө

Коом 0

БИШКЕК, 11.08.17 /Кабар/. Москвадагы Россиянын Коргоо министрлигинин жанындагы "Алар Мекени үчүн күрөшкөн" деген эстеликке зыян келтирген деген жүйөө менен кыргызстандык жаранга иш козголду. Бул тууралуу “ТАССка” укук коргоо мекемесинен билдирген.

“Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү деп эсептелген кыргызстандык жаран кармалган. Ал Самара шаарында катталган”,-деп жазат агенттик.

Анын айтымында, алкоголдук ичимдик ичкен киши, "Алар Мекени үчүн күрөшкөн" деген эстеликке зыян алып келген, натыйжада эстелик ийилип калган.

Аталган эстеликти өткөн жылы Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу жана анын КМШ өлкөлөрүндөгү кесиптештери ачкан. Скульптура "Алар Мекени үчүн күрөшкөн" деп аталган кино тасманын негизинде жасалган болчу.

Пикир

Оставить комментарий