Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. 2024-жылдын 9 айында Кыргызстанга 3 млн 280,7 миң турист келген. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарында айтылат.
Бул убакытта Кыргызстанга келген туристтер 807,7 млн доллар коротушкан. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 0,1 пайызга көп.
Ал эми кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө эс алууга тогуз айда 427,4 млн доллар сарпташкан. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 5,1 пайызга, башкача айтканда, 20,8 млн долларга өскөн.
Статкомдон белгилешкендей, 2023-жылы Кыргызстанга 2 млн 864,2 миң турист келген.
Пикир
Оставить комментарий