• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт

Коом 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 23-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорунда кар, Чүй, Ош, Жалал- Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында +10...+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көлдө +13...+18, Нарын облусунда +11...+16, Бишкек шаарында +13...+15 жана Ош шаарында +18...+20 градус болору күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий