• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкектин Тунгуч кичирайонундагы күркөлөр алынууда

Коом 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Бишкектин Тунгуч кичирайонундагы күркөлөр алынууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 8 соода түйүнү алынат.

"Буга чейин жер тилкелерин берүү боюнча комиссия бул тилкеге келишимди узартпоо чечимин чыгарган. Комиссиянын чечиминин негизинде Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаменти муниципалдык жерди ижарага берүү келишимин токтоткон", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Мэриядан кошумчалашкандай, инспекторлор тарабынан объектилердин ээлерине бир нече жолу өз ыктыяры менен бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген. Бирок, тилеке каршы алар коюлган талаптарды аткарышкан эмес.

Бишкек мэриясы мыйзамсыз курулуштарга байланышкан кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырууга болорун эскертет:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.

Пикир

Оставить комментарий