• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте бир жума ичинде 49 мас айдоочу кармалган

Коом 0

Бишкек, 29.06.20 /Кабар/. Бишкекте 22-28-июнь күндөрү Милициянын кайгуул кызматы тарабынан 5 миң 292 жол эреже бузуу аныкталган.

Бир жума ичинде аныкталган жол эреже бузуулар:

- унааны мас абалында айдаганы үчүн – 49 айдоочу;

- алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатып алганы үчүн – 28 айдоочу;

- айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдаганы үчүн – 63 айдоочу кармалган;

- башка жол эреже бузуулар – 5 миң 152.

345 унаа айып аянтчасына коюлган.

Пикир

Оставить комментарий