• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Түштүк-Батыш бажысынын башчысы мамлекетке 74 млн сом төктү. Ал үй камагына чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык соту Нурбек Айтмаматовго карата соттук материалды карады.

Н.Айтмаматов мамлекеттик бюджетке 74 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтургандыгына байланыштуу, соттун 2021-жылдын 1-июлундагы чечими менен үй камагына чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий