• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Аба ырайы: Кыргызстандын көпчүлүк аймагында кар жаайт

Коом 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-декабрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында +2...+7, Талас облусунда +1...+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4...+9 градус жылуу болсо, Нарында 0...-5 градуска чейин суук болору күтүлүүдө. Ал эми борбор калаада күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күндүн табы +3...+5, Ош шаарында +6...+8 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий