Бишкек, 27.08.19. /Кабар/. 27-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына4-9 метрге жетет.
Пикир
Оставить комментарий