• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Абактагылар ашпозчу адистигине окутулат

Коом 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Жазаларды аткаруу кызматынын №3 мекемесинде №1 кесиптик лицейдин базасында "Ашпозчу" тобунун окуу классынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришкендей, эми соттолгондор эркиндикке чыккандан кийин коомго оңой көнүүгө жардам бере турган кесипти үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул кесип түзөтүү мекемелеринде да, жарандык эмгек рыногунда да эң көп талап кылынган кесиптердин бири.

Окуу классы Германиянын университет кызматкерлеринин ассоциациясы DVV International жана «Ден соолук нуру» коомдук фондунун колдоосу менен ачылды. Акыркы беш жылдын ичинде алардын катышуусу менен маанилүү тарбиялык долбоорлор ишке ашырылып, анын аркасында жүздөгөн соттолгондор тигүүчү, өтүкчү, жашылча чарбасынын чебери жана кондитердик кесиптерди өздөштүрүштү.

Азыркы учурда ЖАТ өндүрүштүк базаны активдүү өнүктүрүүдө: быйылкы жылы тигүү иштеринин 70тен ашык чебери даярдалып, Жыгач устачылык жана ширетүү өндүрүшүн ишке киргизүү боюнча иштер, ошондой эле нан азыктарын, металл буюмдарды жана брусчаткаларды өндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий