• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте дагы 23 көчөнүн тротуары капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Тизме

Коом 0

Бишкек, 14.08.23. /Кабар/. Бишкекте көчөлөрдүн дагы 23 бөлүгүндө тротуарларды капиталдык оңдоо иштерин баштоо пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, шаар мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен 2023-жылга карата тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча титулдук тизмесине борбордук дагы 23 көчөсү кошулду.

Бүгүнкү күндө эски асфальтын сыйруу иштери 3 көчөдө башталды:

- Уметалиев көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Л. Толстой көчөсүнө чейин;
- Чүй проспектисинде Ж. Гвардия бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейин;
- Медеров көчөсүндө Ж. Пудовкин көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейин.

Ошондой эле жакын арада төмөнкү жолдордогу тротуарларды капиталдык оңдоону баштоо пландаштырылууда:

- Л. Толстой көчөсүндө Ж. Гвардия бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы);
- Л. Толстой көчөсүндө М. Гвардия бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);
- Москва көчөсүндө Ж. Гвардия бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейин;
- Токтогул көчөсүндө Ж. Гвардия бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейин;
- Киев көчөсүндө Ж. Гвардия бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейин;
- Фрунзе көчөсүндө Ж. Гвардия бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейин;
- Ибраимов көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Л. Толстой көчөсүнө чейин;
- Шопоков көчөсүндө Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин;
- Абдрахманов көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин (батыш тарабы);
- Эркиндик бульварында Жибек-Жолу проспектисинен Абдымомунов №3 чейин (батыш тарабы);
- Панфилов көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Л. Толстой көчөсүнө чейин;
- Логвиненко көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Л. Толстой көчөсүнө чейин;
- Тоголок Молдо көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейин;
- Исанов көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Л. Толстой көчөсүнө чейин;
- Калык Акиев көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Л. Толстой көчөсүнө чейин;
- Кулатов көчөсүндө Ибраимов көчөсүнөн Кара-Көл көчөсүнө чейин;
- Жантөшев көчөсүндө Ж. Пудовкин көчөсүнөн Б. Баатыр көчөсүнө чейин;
- Ж. Пудовкин көчөсүндө Л. Толстой көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
- Абай көчөсүндө Ахунбаев көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин (батыш тарабы);
- Панфилов көчөсүндө Медеров көчөсүнөн Л. Толстой көчөсүнө чейин.

Пикир

Оставить комментарий